Саясат

Кубатбек Боронов жана Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин кызматташуу маселелерин талкуулашты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады. 

Өкмөт башчылар түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалды жеңүүдө өлкөлөрдүн өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты. 

Премьер-министр Кубатбек Боронов россиялык тарапка өлкө үчүн оңой эмес мезгилде кыргыз элине көрсөткөн туруктуу жардамы жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. 

Тараптар кыргызстандык жакка берилүүчү кезектеги гуманитардык жардам тууралуу сүйлөшүштү.

Белгилей кетсек, бул жолугушуу Минск шаарында (Беларусь Республикасы) өтүп жаткан Евразия экономикалык бирлигинин Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button