Спорт

Кыргызстандык балбан Муслим Евлоев тирүү экени айтылууда

Назрандагы (Ингушетия) антитеррордук операция учурунда жок кылынган адамдардын өздүгү аныкталды, алардын арасында эркин күрөш боюнча Кыргызстандын атынан чыгып жүргөн Муслим Евлоев жок. Бул тууралуу ТАСС республиканын укук коргоо органдарындагы булакка таянуу менен билдирди.

Улуттук терроризмге каршы комитетинин маалыматына караганда, Назрандагы жана Ингушетиянын Малгобек районундагы антитеррордук операция учурунда коопсуздук күчтөрү эки бандитти жок кылып, бирөө кармалган. Маалыматка ылайык, алар республикада бир нече террористтик кылмыш жасоону көздөшкөн.

Буга чейин жок кылынган адамдардын арасында облустун тургуну, эркин күрөш боюнча Кыргызстандын курамасынын мүчөсү Муслим Евлоев бар экени айтылган.

Бирок, акыркы маалыматтарга ылайык Муслим Евлоев качып кетүүгө үлгүргөн. Анын тууганы кармалганы айтылууда.

Маалыматка ылайык, атайын операция өткөн жумада Росгвардия офицеринин өлтүрүлүшү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн.

Белгилей кетсек, Кыргызстан джиу-джитсу федерациясынын президенти Абдурахманхаджи Муртазалиев Евлоевдин тирүү экендигин өз инстаграм баракчасында жарыялаган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button