Бишкек архитектура жана курулуш менеджменти колледжине – 90 жыл

Бүгүн, 2020-жылдын 15-сентябрында Бишкек архитектура жана курулуш менеджменти колледжине – 90 жыл болду.

БАКМК 1930-жылдын 15-сентябрында түзүлгөн, 1932-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин колледж Лев Толстой көчөсү-62 дареги боюнча имаратта жайгашкан, ал бүгүнкү күндө Кыргызстандын архитектура тарыхынын эстелиги болуп саналат.

Азыркы учурда БАКМК республиканын илгерки орто кесиптик окуу жайларынын бири болуп саналат, республиканын эл чарбасында суроо-талапка ээ адистерди даярдоодо бай тажрыйбага ээ.

1979-жылы студенттик курулуш отряддарын өнүктүрүү боюнча чоң иши үчүн Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган. Техникум 1982, 1983, 1984, 1985, 1986-жылдары Советтер Союзунун техникумдарынын арасындагы Бүткүл союздук сынактын жыйынтыгы боюнча 3-орунду ээлеген.

Адистерди бүтүртүп чыгаруу дайыма өсүүдө. Жыл сайын бүтүртүп чыгаруу 200гө жакын адамды түзөт.

Окутуучулар жамааты дээрлик жогорку даярдыкка ээ жана жаш адистерди сапаттуу окутууну жакшыртууга туруктуу жетишүүдө. Жыл сайын колледжде илимий-практикалык конференциялар жана мыкты педагогикалык тажрыйба кароо-сынактары өткөрүлөт.

Учурда колледжде 800 студент окуйт, 63 окутуучу иш алып барат. 2020-2021-окуу жылында Бишкек архитектура жана курулуштагы менеджмент колледжине 325 абитуриент тапшырган.

Артыкчылыктуу адистиктер – “Имараттар менен курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо”, “Ички санитардык жана желдетүү системаларын монтаждоо жана эксплуатациялоо”, “Жыгач иштетүү технологиясы”.