Окумуштуулар адамды 8 минутта уктата турган ыр чыгарышты

Музыка адамдын мээсине кандай таасир берээрин билсеңер керек?

Marconi Union тобу Британиянын үн терапиясы академиясы менен бирдикте, адамды 8 минуттун ичинде уктата турган музыкалык трек ойлоп табышты. Анын ритми жүрөктүн кагышын жайлатып, дем алууну жеңилдетет. Бул туурасында Pulse.mail.ru билдирди.

Бирок, ырды кое койсоң эле дароо уктап каласың дегендикке жатпайт. Тез укташ үчүн адегенде жатып, көздү жуумп, смартфондордун баарын нары алып коюп, терезенин пардасын тартыш керек.