Ырчы Анжелика Кайратова жашоосу, сүйүүсү тууралуу сериал тартып жатабы?

Ырчы Анжелика Кайратова тарбиялык мааниси күчтүү сериал тартууда. Бул тууралуу өзү билдирди.

Буйруса, абдан кызыктуу 12 сериядан турган сериал тартып баштадык. Чынында колдоочу өнөктөштөрдү табуу азыр шайлоо учурунда өтө кыйын экен. Ар экинчи ишкердин акчасы шайлоого кетип жатыптыр. Бирок, мен баарыбир үмүт кылып , абдан таасирдүү тасмабызга башкы демөөрчү компания табылат деген үмүттөмүн. Азырынча чыгымдарды өзүм көтөрүүгө бел байладым. Абдан күчтүү тарбиялык маанидеги бул сериал- сиздер күтүп көргөн сериал болот. Башкы каармандар – үч мырза“,- Анжелика деп жазды.

Анжелика айымдын тартып жаткан сериалы өзүнүн  жашоосу, сүйүүлөрү тууралуу болобу деп кызыккандар көп болууда.

Ошол эле учурда Анжелика айымдын иштермандыгын жана аракеттерине мыкты баа берип, ийгилик каалагандар да бар.