Жээнбеков КР жарандыгы боюнча 4 жарлыкка кол койду

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков “КР жарандыгына кабыл алуу жана жарандыктан чыгаруу жөнүндө” жарлык чыгарды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, Жээнбеков төрт документке кол койгон.

“Президенттин үч жарлыгы менен 973 адамга КР жарандыгы берилген. Анын 771и чоңдор, 202си балдар. Дагы бир жарлык менен 238 киши кыргыз жарандыгынан чыгарылган. Алардын 186сы чоңдор, 52си балдар”, — деп айтылат маалыматта.

Кыргыз жарандыгын алгандардын көбү этникалык кыргыздар экени кошумчаланды. Жарлык боюнча кененирээк маалыматты президенттин расмий сайтынан окуй аласыздар.