Маданият

Кыргызстандык модель кыз АКШда белгилүү унаанын жарнамасына тартылды

Кыргызстандык модель Салидат Хамилова Мазда компаниясынын жарнамасына тартылды.

Модель буга байланыштуу сүрөттөрдү өзүнүн баракчасына жарыялаган, сүрөттөр Mazda брендинин расмий баракчасына да жайгаштырылган. Жарнак компания жаңы Mazda CX-30 2.5 автоунаасынын чыгарылышына байланыштуу чыккан.
Салидат Америкада жашайт, бирок Кыргызстанда туулуп-өскөн. Модельдик карьерасын Бишкек шаарында студент кезинде баштаган.

Өткөн жылы Салидат Нью-Йорктогу мода жумалыгына катышып, анда дизайнерлер Ким Шуй жана Эшли Рейнордун коллекцияларындагы кийимдерди тартуулаган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button