Коом

Боронов: Эгерде мектеп суук болсо, анда ошол аймакта азырынча окууну баштабай турса болот

Окуу процессин баштаардагы дагы бир чоң маселе – кышка даярдык маселеси турат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, жогорудагылар менен биргеликте, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мектептерди, бала бакчаларды, ооруканаларды кышка карата жылытуу маселелерин азыртадан баштап толук камсыздоо боюнча катуу тапшырмалар берилди. Аба ырайы сууктап кетсе, балдарды муздак мектептерге алып барып алып, оорутуп албаш үчүн – керекпи эртелеп от жагып жылытууга туура келет, азыртадан терезелерди жылуулоо иштерин жүргүзүү зарыл.

“Эгерде мектеп суук болсо, анда ошол аймакта азырынча окууну баштабай турса болот. Ошондуктан ар бир аймактын – облустун жетекчилери бул жагын карап, кайсы мектептерде окууну баштоого уруксат берет, аны өздөрү чечиши зарыл. Мектептерде жылуулук жагы толук камсыз болууга тийиш», – дейт ал.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button