Окуялар

Экс-премьер-министр Сапар Исаков эртең абакка кайтып келиши керек. Жантөрө Сатыбалдиев кайтып келип, ооруканада

Мурдакы премьер-министр Сапар Исаков эртеңкиге чейин абакка кайтып келиши керек. Бул тууралуу жаза аткаруу кызматынан билдиришкен.

Маалыматка караганда, абактан бошотулгандар кыска өргүү алышкан. Анын мөөнөтү бүгүн түнү аяктайт.

Сапар Исаков менен бирге Бишкек шаарынын мурдакы мэри Албек Ибраимов дагы абакка кайтат.

Жагы бир экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн өзү абакка кайтып келди. Бирок, жүрөгү ооруп, күзөтчүлөрдүн кайтаруусунда улуттук кардиологиялык борборго жаткырылды.

5-октябрдан 6-октябрга караган түнү Бишкекте өткөн тынчтык митинги массалык башаламандыкка айланып, жаза аткаруу мекемелеринен камакта отурган бир нече адам бошотулган. Башкы прокуратура аларды кайрадан абактарга кайтып келүүгө чакырган.

Мурдакы президент Алмазбек Атамбаев, саясий ишмер Равшан Жээнбеков кайра камалышты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button