Тамада Нурсултан Абдыжапаров тойго баратып жол кырсыгынан каза болду

Токтогулга тойго баратып жаш тамада, Бишкек шаардык мусулмандар казыяты Борбордук мечиттин кызматкери Максым Джаббор Маджитовдун жалгыз уулу Нурсултан Абдыжапаров жол кырсыгынан улам каза болду. Бул тууралуу тамада Максат Надырбеков билдирди:

“Байкуш жакшы жигит болчу. Биздин окуучубуз эле. Тамада байке, инилерибиз менен элдин жакшылыгында жаркылдап жүрчү.

Токтогулга тойго баратып, жол кырсыгына кабылып, көз жумуптур. Бир жума мурун эле көрүштүк эле. Аябай жаман болдук. Ажал деген ушул экен да”, – дейт ал.

Нурсултан үй-бүлөдө 3 кыз жана жалгыз уул болгон.

Жаназа намазы бүгүн, 15-октябрда Ала-Тоо конушунда саат 15.00 гө белгиленди.