Бишкектин мэри Азиз Суракматов иштен кетти. Бул тууралуу маалыматты 24.kg маалымат агенттигине шаардын аппаратынын кызматкерлери беришкен.
Бүгүн эле биринчи вице-мэрдик орунга мурдагы шаар башчысы Нариман Түлеев дайындалган болчу. Эми ал Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары расмий бекиткенге чейин мэрдин милдетин аткарып турат.