Окуялар
Ала-Арча каналына кулап түшкөн адам куткарылды (ФОТО)
Ала-Арча каналына эркек адам кулап түшкөн адам куткарылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 19-октябрда Бишкек шаарынын Ленин районунда 14:25те М.Рыскулов көчөсүндө Ала-Арча суусуна 1991-жылы туулган эркек киши кулап түшкөн.
КР ӨКМнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары жабыркаган адамды суудан алып чыгышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Жабырлануучунун абалы орто.