Саясат

Тилек Токтогазиевдин кандидатурасы айыл чарба министрине сунушталды

«Ата Мекен» партиясынан депутаттыкка талапкер Тилек Токтогазиев премьер-министр Садыр Жапаровго колдоо көрсөтөтөт. Ал бул туурасында журналисттерге өзү ушинтип айтты.

Кабминдин башчысы Тилек Токтогазиевдин кандидатурасын айыл чарба министрине сунуштады.

«Мен бүгүн Садыр Жапаров менен жолугуштум. Ал мага министрдин ордун сунуштады, мен макул болдум. Эмне үчүн мен Садыр Жапаров менен иштешүүнү чечтим? Мага анын акыркы кадамдары жагып жатат. Ал биздин талаптарды канаттандыруу боюнча иштерди аткара баштады. Маселен, коррупция менен күрөшүү, Матраимовдун иши боюнча», — деди Тилек Токтогазиев.

Жаш саясатчы парламенттин тийиштүү комитетинин жыйынына келди. Комитет анын кандидатурасын карайт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button