Бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит Кыргызстандын саясий туруксуздугу экономикага чоң сокку болгонун айтты

Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу билдирүү таратып, мыйзамдуулукту сактоо, бизнести өнүктүрүү жана коргоону камсыз кылууга маани берди.

«Биз өлкө үчүн татаал кырдаалга кабатырланып жатабыз, бул экономика, бизнес, жарандар жана мамлекет үчүн өзгөчө оор жыл болду. Пандемия жана саясий туруксуздук өлкөнүн экономикасына чоң сокку урду. Буга байланыштуу экономиканы турукташтыруу жана өнүктүрүү үчүн төрт негизги нерсеге көңүл буруу кажет».

Робин Орд-Смит төрт нерсе деп, эл аралык уюмдардын Кыргызстанга ишенимин калыбына келтирүү үчүн чечкиндүү аракеттерге барууну, реформаларды өткөрүүнү, бизнести өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүнү, ишкерлерди жана инвесторлорду толук коргоону камсыз кылууну атады.

Бизнес-акыйкатчы ушул жана башка ойлорун өкмөткө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин 23-октябрдагы чукул отурумунда да айткан. Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров баштаган өкмөткө Кыргызстандагы бизнес ассоциациялар жергиликтүү жана чет элдик инвесторлордун ишканаларын басып алуу аракеттери уланып жатканына даттанышкан. Жыйынга катышкан Садыр Жапаров инвесторлорду жалпы бизнес коомчулугун коргойт деп ишендирген.

Британиянын Кыргызстандагы мурдагы элчиси Робин Орд-Смит бизнес-акыйкатчы болуп 2019-жылдын август айында дайындалган. Бизнес-акыйкатчы институту өкмөттүн 2018-жылдын 31-декабрындагы токтомунун негизинде түзүлгөн.