Ырчы Гулнур Сатылганов мас абалында унаа башкарып баратып кармалды

Ырчы Гүлнур Сатылганова мас абалда унаа башкарып баратып кармалды. Бул тууралуу айрым басылмалар жазып чыгышты.

Патрулдук милициянын кызматкерлери “Коопсуз шаардын” алкагында айып пул төлөбөй жүргөн Toyota Land Cruiser унаасын токтотушкан. Унааны ырчы Гүлнур Сатылганова башкарып бараткан. Ырчы наркологиялык диспансерде текшерилип, жыйынтыгында, анын мас абалда экендиги аныкталган.

Бул боюнча маалымат сурап Патрулдук милиция кызматына кайрылганыбызда, алар маалымат так экендигин, бирок, окуя бир ай мурун болгонун билдиришти.