Дүйнө

ММК: Түркмөнстанда адамдар тамак-аш үчүн мушташып жатышат

Түркмөнстандын элине тамак-аш жетпей, азык-түлүк өтө тартыш болуп жатат. Тамак-аш, азык-түлүккө кезекке тургандардын саны аябагандай көп болууда. Кээде нан же  өсүмдүк майын сатып алуу үчүн тургандар, кезектин узундугунан чыдамдары кетип, чыр чыгарып жатышат. Мындай көрүнүш бүтүндөй өлкөнү каптаган деп билдирген Turkmen.news. Бул тууралуу Eadaily маалымат агенттиги кабарлады.

Акыйкаттан эле мамлекеттик дүкөндөргө кезек аябагандай чоң, анткени аларда баалар төмөн. Бир шаарда, нан жана тооктун санын сатып алабыз дешип, адамдар кечинде кезекке турушкан, эртең менен биринчи болуп дүкөнгө кириш үчүн. Тизмеге 300 киши катталган. А эртең менен тизме жоголуп кеткени белгилүү болуп, адамдар сүрмө топ болуп күчкө салышып, сөгүнүп-сагынышып, эки аял мушташа кетишкен.

Түркмөнстан: тамак-ашка кезекке тургандар.

Түрмөнстанда жаздан бери товарларды сатып алууга талондук система киргизилген. Талондун жардамы менен кардарлар мамлекеттик дүкөндөрдө атайын коюлган баа менен сатып ала турган азык-түлүк, тамак-аштарга чектөө киргизилген. Ошол эле учурда баалары жогору жеке менчик дүкөндөрдө тамак-ашты кезексиз эле, каалашыңча сатып алууга болот. Бирок, өлкөнүн көпчүлүк тургундарынын чөнтөктөрү жука болгондуктан, жеке менчик дүкөндөрдөн тамак-аш сатып алууга чамалары (каражаттары) жетпейт.

Адамдар, мындай кризис 90-жылдары да болгон эмес деп айтып жатышат.
Кененирээк: https://eadaily.com/ru/news/2020/11/16/v-turkmenii-lyudi-derutsya-v-ocheredyah-za-produktami-smi?utm_campaign=main&utm_referrer=https%3A%2F%2Fpulse.mail.ru&utm_source=pulse_mail_ru

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button