Кыргыз өкмөт башчынын милдетин Артем Новиков аткаруучу өзбек өкмөт башчысынын орун басары менен сүйлөштү

Кыргызстандын премьер-министринин милдетин аткаруучу Артём Новиков Өзбекстандын өкмөт башчысынын орун басары Сардор Умурзаков менен телефон аркылуу сүйлөшүп, эки тараптуу кызматташууну талкуулашты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Новиков Умурзаков менен мамлекеттер ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты, өндүрүш чөйрөсүндөгү биргелешкен долбоорлорду түзүү, логистикалык борборлорду, эки өлкөнүн чек арага чектешкен облустарында эркин экономикалык аймагын куруу маселесин талкуулашты.

Новиков Өзбекстанга коронавируска каршы күрөшүүдө көрсөткөн гуманитардык жардамы үчүн ыраазычылык билдирди. Эки тарап 2020-жылдын декабрь айында чек арага чектеш облустардын башчыларынын кеңешинин үчүнчү отурумун өткөрүү боюнча макулдашышты.