Учук коронавирусту жеңе алат. Врачтын айтканы

COVID-19дун маңызына анын мутацияланышы гана таасир этпейт, ошондой эле башка вирустар менен алакага кириши да анын күчүн жоготушу мүмкүн. Мисалы герпес (учук) коронавирустун организимде өөрчүшүн токтотууга жөндөмдүү. Бул тууралуу «Вечерняя Москва» басылмасына, врач-терапевт, клиникалык фармаколог, медицина илимдеринин кандидаты Андрей Кондрахин айтып берген.

-Мисалы, герпес менен ооругандарда (учук чыканадарда-ред.) коронавирустун өөрчүшү  таптакыр токтоп калат, анткени ал ковидди организмден сүрүп чыгарып коет, – деп айтты врач.

Албетте, бул маалыматтар азырынча толук бышыктала элек, бирок вирустар экосистеманын ичинде биринчилик үчүн күрөш жүргүзөөрү ансыз да түшүнүктүү.  Бул күрөштө, герпес (учук) жаңы вирусту жеңип коет окшойт.

Бирок, герпес менен ооруп жаткан кишиге чуркап барып өпкүлөштүн кажети жок. Биринчиден, бул маалыматтар (учуктун корнавирусту жеңип коеру – ред.) дагы такталышы керек. Экинчиден, коронавирус менен менен бир ирээт ооруйт, а герпес организимде дайыма жашап, улам-улам пайда болуп турат. Анын үстүнө, герпес менен ооруп атканда гана (учук чыкканда – ред.) ал ковидден сактай алат.  

Элдин 80%и герпес (учук) менен жашаарын айтты, врач.