Мамкаттоо 604 миң сомго автоунаанын бир номерин сатты

Кыргызстанда автоунаага тагылуучу “01 888 BBB” сериялык номери аукциондо 604 000 сомго сатылды. Бул туурасында Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Кечээ, 23-ноябрда, nomer.srs.kg порталында сандар менен тамгалардын өзгөчө айкалышындагы автономерлерди сатуу боюнча онлайн-аукцион өткөрүлдү. Аталган номер 80 миң сом баштапкы сумма менен аукционго коюлган.

“Жалпысынан өзгөчө номерлерди сатуу боюнча 14 аукцион пландаштырылган. Анын жарымы ээсин тапты. Беш номерди бишкектиктер, экөөнү Жалал-Абад облусунун “04” аймактык коду менен сатып алышкан. Ал эми “ХАН” тамгаларынын айкалышы бар номерлерди борбор калаанын эки тургуну алып кетти”, — деп айтылат маалыматат.

Ошондой эле баштапкы наркы 60 миң сомдон башталган “01 555 SSS” номерин алууга кызыккандар арбып, 430 000 сомго чейин көтөрүлгөн.

Ал эми “01 777 XAH” 72 миң, “01 007 XAH” номери 32 миң сомго сатылган.

“01 111 JJJ” номерин 82 миң, “04 111 III” 60 миң жана “04 007 AMG” 32 миң сомго алып кетишкен.

Сатылган жети автономердин жалпы баасы 1 миллион 312 миң сом түздү. Кирешенин 91 пайызы мамлекеттик бюджетке которулат.

Кечээ-бүгүн болуп өткөн аукциондордун жыйынтыгы боюнча дагы 46 кооз унаа номери сатылары күтүлүүдө. Жакында “01 777 ZZZ” номери боюнча аукцион аяктаган. Жеңүүчү ага 810 000 сом сунуштаган, акчасын үч күндүн ичинде төлөшү керек.

Мамлекеттик каттоо кызматы онлайн-аукциондор nomer.srs.kg сайтында баарына жеткиликтүү экендигин белгиледи. 7-декабрга 700дөн ашык өзгөчө номер сатуу пландалууда.