УКМК президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаевди кармады

Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

«Тергөө аныктагандай 2020-жылдын октябрь айында шайлоо өнөктүгү жүрүп жаткан мезгилде К.Д. саясий партиялардын биринин кызыкчылыгында иш алып барып, стратегиялык мааниси бар мамлекеттик ишкананын биринин жетекчисин кызматтан алуу менен коркутуп, ага 7 млн сом берүүсүнө мажбур кылган. Мыйзамсыз алынган акчаны К.Д. шайлоо өнөктүгү учурунда пайдаланган», — деп билдирет УКМК.

Бүгүн, 24-ноябрь күнү президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Эскерте кетсек, президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү кызматын Курманбек Дыйканбаев ээлеп келет.