Кыргызстандын сууда сүзүүчүлөрү Өзбекстанда 11 медаль жеңди
Кыргыз Республикасынын сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасы Өзбекстандын ачык кубогунда 11 медаль (3 алтын, 5 күмүш, 3 коло) жеңди. Мелдешке жалпысынан 300 спортчу катышкан. Алардын алтоо –Кыргызстандын спортчулары. Калгандары Чехия жана Өзбекстандын сууда сүзүүчүлөрү.
Ата мекендик спортчулардын жыйынтыктары:
Денис Петрашов:
— Брасс түрүндө 50 м аралыкка сүзүү, алтын медаль;
— Брасс түрүндө 100 м аралыкка сүзүү, алтын медаль;
— Брасс түрүндө 200 м аралыкка сүзүү, коло медаль;
Елизавета Рогожникова:
— Чалкалап 200 м аралыкка сүзүү, алтын медаль;
— Чалкалап 100 м аралыкка сүзүү, күмүш медаль;
— Чалкалап 50 м аралыкка сүзүү, күмүш медаль;
— Комплесктүү сүзүү, 200 м аралыкка, күмүш медаль;
Рамазан Омаров:
— Эркин стилде 1500 м аралыкка сүзүүдө күмүш медаль;
— Эркин стилде 800 м аралыкка сүзүүдө күмүш медаль;
Тенгиз Тюбеев:
— Эркин стилде 1500 м аралыкка сүзүүдө коло медаль.
Мелдеш Ташкент шаарында 24-ноябрда башталып, кечээ, 29-ноябрда аяктады.