Артём Новиков үй-бүлөсү тууралуу айтып берди

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиковдун жеке жашоосу, бала чагы кандай өткөнү тууралуу айтты.

Анын айтуусуна караганда, ал бала чагынан эле спорт менен алектенип, баскетболду тынбай ойночу.

«Атам деңиз капитаны. Убактысынын көпчүлүк бөлүгү деңизде, дүйнөнүн булуң-бурчун кыдырып өттү. Бирок, кийнчээрек постсоветтик мезгил орун алып, Кыргызстанга караганда башка өлкөлөрдө көп иштеп, ишкердик менен алектенүүсүнө туура келди.

Апам гимнастика боюнча машыктыруучу. Чоң апам менен чоң атам совет заманында эле Кыргызстанга көчүп келип отурукташып калган. Алардын аркасында мен да ушундай керемет өлкөдө чоңоюп калдым», – дейт Новиков.