Бишкекте абанын булганышына жеке секторлордун салымы чоң

Өткөн жылы Бишекте башталган жаз айындагы карантиндин учурунда абаны булганышынын эң негизги себеби   жеке секторлордогу үйлөрдө көмүр жагууга байланышкан. Бишкектин абасынын сапатын ээн калган көчөлөрдөгү автранспортсуз талдап көрдүк.

Пандемиянын айынан жана  2020 – жылы кабыл алынган карантиндик иш-чаралардын негизинде, Бишкек шаарынын абасынын сапатын булгап жатышкан жалпыга белгилүү объектерди – ЖЭУну жылуулук менен камсыз кылып жаткан учурда, жеке менчик секторунда от жагууну мезгилинде жана автоунааларды  катыштырып туруп да, катыштырбай туруп да талдоо өткөрүп көрдүк. 

Абанын сапатын аныктаган негизги көрсөткүчтөрдүн бири — AQI — абанын сапатынын индекси. Ал белгилүү аймактын абасы тазабы же жокпу ошого жооп берет. Шкала 0дөн 500 бирдикке  чейин алты категорияга бөлүнөт. Индекстин  мааниси канчалык жогору болсо, абанын булганышы да ошончо жогору болот жана тескерисинче. Адатта, ал негизги кеңири таралган РМ2.5. булгагычынын маңызын текшерет. 

РМ2.5 боюнча AQIдин шаардын ар кайсы бөлүктөрүндө жайгашкан үч датчиктен алынган маалыматтар  (Ош базары, АКШнын элчилиги жана Чыгыш-5 кичи районуну) 2020 –жылдын 15-мартынан 15-апрелине чейин алынган. Мындан тышкары талдоо учурунда абанын орточо температурасы эске алынган.    

Шамалдын ылдамдыгы бул аралыктын ичинде 3 м/сдан ашкан эмес. Бул шамалдын күчү жок экенин көргөзөт. Мындан  тышкары 12-апрелде шамалдын ылдамдыгы 7 м/сду гана түзө алган (анча чоң эмес шамал). 21- мартта,  1,2,7,9, 13,14,15-апрелде жаан-чачын болгон.

Алынган маалыматтарды талдап чыгып, төмөнкү тенденциялар белгилүү болгон:

Абанын сапатынын жакшырышы 2020-жылдын 19-мартында борборго жылуулук берүү токтогондон кийин кадимкидей байкалган. Бирок, кайрадан суук болуп кеткендигине байлыныштуу жана COVID-19ду профилактикалоо максатында 24-мартта кайра  жылуулук берилип,  жылуулук берүү сезону 4-апрелде араң токтогон. 

Мындан тышкары 2020-жылдын 22-мартынан өзгөчө кырдаал режими киргизилип жана 11-майга чейин  карантин жарыяланган. Ошого байланыштуу ушул числодон баштап шаарды булгоочу автоунаа дээлик жок болгон.

22-23-мартта графикте аба тууралуу алынган маалыматтар борбордук жылуулук берүүсүз (ЖЭУ) жана автоунаасыз көрсөтүлгөн. Аба бул убакта  КРда белгиленген   нормадан ашкан эмес жана AQI “Канааттандыраарлык” деп табылган (76 жана 91). Бирок, бул күндөрү температура +11℃ жана +9℃ болгондуктан, жеке менчик сектор көмүр жагып олтурганы белгилүү болгон.

24 -27-мартта абанын сапаты КРдин гигиеналык нормативдерининен алда канча көп болуп, кескин өзгөргөнү баамга урунган. Анткени, ошол учурда жеке менчик сектор   кайрадан от жага башташкан.

31-мартта Бишкек шаарынын орточо температурасы +13℃тын тегерегинде гана болгон (орточо AQI 70).

Анан 8 – 11-апрелде  аба ырайы өтө кескин  төмөндөп кеткен. Ошол эле учурда абанын сапаты да акырындап өзгөрө баштаган, 11-апрелде чегине жеткен.  Ушул учурда абанын өтө кескин булганганы байкалган. Бул жеке менчик сектордогу от жагууга байланышкан. Анткени борборлошкон жылуулук берүү токтотулган эле.

Ошондон улам төмөнкүдөй тыянакты алабыз:

1. Бишкектеги РМ2.5тин сапатынын өзгөрүүсү катуу отунду (көмүрдү) пайдалануудан улам келип чыккан.

2. Бишкектин абасынын булганышына жеке менчик сектор өз салмын кошуп жатат.

3. Албетте, ЖЭУ да Бишкектеги абанын булганышына салымын кошот. Бирок анализ көрсөткөндөй абанын булганышына жеке менчик сектордун үлүшү өтө чоң.

4. Калаанын борборунда жылуулукту өчүргөндөн кийин да абанын сапаты “канаттандырарлык” болгон. (AQI  – 51ден 80ге чейин), “Тазарды” деген көрсөткүчкө жеткен эмес.

MoveGreenдин кийинки материалында 2019 жана 2020- жылдардагы абанынын сапатын иликтеп, талдалат.

Бул басылма АКШнын Мамлекеттик департаментинин “Борбор Азиядагы абанын сапатын башкаруу потенциалын чыңдоо долбоору” гранттын эсебинен каржыланып даярдалган. Бул жерде айтылган ой-пикирлер жана тыянактар макаланы даярдаган авторлорго тиешелүү болгондуктан ​​ АКШнын Мамлекеттик департаментинин көз-карашын чагылдырбайт.