Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы Бишкек ШИИББдин ички иликтөө бөлүмү менен бирге Ленин РИИБдин кызматкерин кармашты.
Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы билдиргендей, кармалган кызматкер — милициянын кенже лейтенанты К.Н. Ал Ленин РИИБдин №1 шаардык милиция бөлүмүнүн тергөөчүсү.
Милиционер 20 миң сом пара опузалоого шектелүүдө.