Балбак Түлөбаев жол кирени көтөрүү боюнча пикирин билдирди

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев маршруттук таксилердин айдоочуларынын жол кирени көбөйтүү боюнча талаптарына жооп берди.

Түлөбаев кайрылуусун 18-январда “Фейсбуктагы” баракчасына жарыялады.

Анда ал айдоочуларды иш таштабоого чакырып, алардын талаптарын чечүүгө жок дегенде бир-эки ай убакыт керек экенин айтты.

«Маршруттук такси айдагандардын көйгөйүн билебиз. Жети жылдан бери тарифти көтөрө элекпиз. Азыр дароо эле көтөрүп бергиле деген туура эмес. Анын өзүнүн процедуралары бар. Экономика министрлиги менен макулдашуу керек. Биз элдин акыбалына жараша, тарифти көтөрүп берүүгө даярбыз. Маселени майга чейин чечип берүүгө аракет кылабыз. Силердин каттамга чыгууңуздарды өтүнөм. Эгер, чыкпасаңар ал каттамдарга башка маршруттук таксилерди чыгарууга мажбур болом», – деди Балбак Түлөбаев.

Буга чейин Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары жол кирени 15 сомго чейин жогорулатууну талап кылышкан. Талаптары аткарылбаса иш таштай турганын билдиришкен.

Шаардын жашоочулары бүгүн, 18-январда маршруттук таксилер каттамдарга аз чыкканын кабарлап жатышат. Мурдараак мэрия тариф маселесине байланыштуу жумушчу топ түзүлгөнүн маалымдаган.