ИИМ. Аймактык бөлүктөр жаңы автоунаалар менен толукталды

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Ниязбеков ички иштер органдарынын аймактык бөлүктөрүнө автоунаалардын ачкычтарын тапшырды.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин башчысынын сунушу боюнча атайын автоунаалар министрликтин ички резервинен чыгарылып, облустук ИИОну бекемдөөгө берилди.

19-январь күнү ИИМдин имаратында автоунааларды тапшыруу аземи болуп өттү. Иш-чарага ички иштер министри, милициянын полковниги Улан Ниязбеков, министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов, министрликтин борбордук аппаратынын жана облустардын ИИОнун кызматкерлери катышты. Автоунаалар Жалал-Абад облусунун Токтогул РИИБине, Ысык-Көл облусунун Түп РИИБине, Талас облусунун Манас РИИБине тапшырылды. Андан сырткары бүгүн ИИМдин демилгеси менен Ош облусунун Чоң Алай РИИБине, Баткен облусунун Баткен РИИБине, Ош ШИИБге дагы тапшырылды. Азыркы учурда өлкө боюнча 42 райондо милициянын көчмө кабылдамасы иштөөдө. Бул жылы ИИМ милициянын көчмө кабылдамасын ар бир райондо ачууну өзүнүн иш планына киргизди.

“10 жылдан бери көчөлөрдө кылмыштуулук менен күрөшүүгө милициянын көчмө кабылдамасы жардам берүүдө. Милициянын көчмө кабылдамасынын башкы тапшырмасына коомдун коргоолуусунун деңгээлин жогорулатуу, ишенимдүү мамиле түзүү, калк менен кызматташууну жакшыртуу кирет. Кабылдама өз натыйжалуулугун көрсөтүүдө. Биз бул багытта иштерди улантып, жыйынтыктарын жакшыртышыбыз керек. Айыл жергесинде милициянын аймактык тескөөчүлөрү көп аймактарда тейлеп жаткандыктан, чакырууларга ар дайым өз убагында келе албай калышы мүмкүн. Милициянын көчмө кабылдамасы эл үчүн абдан керек. Кабылдамада милиция кызматкерлери укуктук жактан жарандарга жардам берип, кылмыштардын, укук бузуулардын жасалгандыгы, окуялар, жарандардын укугунун жана коопсуздугунун бузулушу жөнүндө арыздарды, билдирүүлөрдү жана башка маалыматтарды кабыл алышат”,- деп Улан Ниязбеков билдирди.

Андан сырткары министр жергиликтүү бийлик органдары менен кызматташтыкты бекемдөө боюнча өздүк курамга тапшырма берди. “Анткени милициянын көчмө кабылдамасынын иши арыз даттанууларды жеринен алууга жана социалдык маселелерге багытталгандыктан, экипажда атайын даярдыктан өткөн милициянын аймактык тескөөчүлөрү, жашы жете электер менен иштөө инспекторлору, коомдук алдын алуу борборлорунун өкүлдөрү, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын кызматкерлери бар. Милициянын көчмө кабылдамасы менен элге баргыла, эл менен бирге болгула, элдин ишенмине арзыгыла, элге кызмат кылгыла деди”,-иш чараны жыйынтыктап жатып Улан Ниязбеков

“ЕККУнун “Коомдук коопсуздук демилгеси” долбоорунун алкагында Кыргызстанда көп жылдардан бери милициянын көчмө кабылдамасы иштөөдө. Атайын автоунааларда кызмат өтөгөн милициянерлер бардык маселелер боюнча жардам берүүгө, кылмыштар жөнүндө арыздарды кабыл алып, укук бузууларды болтурбоого, кылмышкерлерди кармоого күчтөрүн жумшоого даяр”,- деп иш-чаранын жүрүшүндө милициянын көчмө кабылдамасы ишмердигин колдоо боюнча жергиликтүү коомчулук Ассоциациясынын координатору, отставкадагы милициянын полковниги Шамшыбек Мамыров айтып белгиледи.

Ички иштер министрлиги региондордо коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо үчүн ИИОнун аймактык бөлүктөрүнүн материалдык-техникалык камсыздалуусуна өзгөчө көңүл бурат. Жаны автоунаалар милиция кызматкерлерине алыскы райондорго чыгууларына, кылмыштуулуктун санын азайтууга жана укук бузууларды болтурбоого, үй-бүлөлүк зомбулукту, анын ичинде жашы жете электер арасында укук бузуулардын болушун алын алууга жардамын берет.

10 жылдан бери республиканын көчөлөрүндө кылмыштуулук менен күрөшүүгө милициянын көчмө кабылдамасы жардам берүүдө. 2020-жылдын ичинде милициянын көчмө кабылдамасы 10 851 чыгууга барышып, 12 миң 813 жаранды тейлешип, 10 066 билдирүүлөр менен арыздарды, анын ичинен коопсуздукка тиешелүү 4 797 материалды карап чыгып чечимдерди кабыл алышкан.

ИИМдин Басма сөз кызматы