Окуялар

Ок атуучу курал-жаракты мыйзамсыз сатууну көздөгөн жаран кармалды (ФОТО)

ИИМдин БМЖКККнын Мобилдик ыкчам бөлүмдөрүнүн башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан курал-жарактарды мыйзамсыз сатууну көздөгөн жаранды аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган атайын операция ийгиликтүү аяктады.

Аталган факт КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 253-беренесинде (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча катталган.

2021-жылдын 18-январында Жалал-Абад облусунун Кара-Кол шаарында аталган кызматтын кызматкерлери «Арсенал» ыкчам алдын алуу иш-чараларын өткөрүүнүн натыйжасында, Таш-Көмүр шаарынын тургуну 1994-жылы туулган М.Н. аттуу атуул ок атуучу сайлуу куралын жана беш даана 7,62 калибрлүү окторун сатууга аракеттенип жаткан учурда кармалган.

Учурда соттук -баллистикалык экспертиза дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

ИИМдин БМЖКККнын Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button