Жаш балдар катышкан жол кырсыктарынын саны 39 пайызга азайды

2020-жылдын жыйынтыгы менен Бишкек шаарынын аймагында жаш балдар катышкан жол транспорт кырсыктарынын саны 2019-жылга салыштырмалуу 39 пайызга азайган. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын аймагында 2020-жылдын жыйынтыгы менен жаш балдар катышкан 354 жол кырсыгы катталып, 2019-жылга салыштырмалуу 228 ге азайган. Анын ичинен 412 жаш балдар жол кырсыгынан ар кандай жаракаттарды алып, 2019-жылга салыштырмалуу 256 жаш балдарга азайган. Ал эми жаш балдар катышкан жол кырсыгынан 8 бала көз жумуп, 2019-жылга салыштырмалуу 4 жаш балдарга азайган.

Жалпысынан алганда 2020-жылдын 12 айынын жыйынтыгы менен жаш балдар катышкан жол кырсыгы 2019-жылга салыштырмалуу 39 пайызга азайган.
Бул көрсөткүч милициянын кайгуул кызматынын жаш өспүрүмдөр менен иштешүүнүн жана жол эрежесин сактоо боюнча профилактикалык иштердин жүргүзүүнүн жыйындысы экендиги байкалган.