Ошто аракеч аялдын эки баласы мамлекеттин камкордугуна алынды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жашы жете электер менен иштөө боюнча аймактык инспекциясы оор шартта жашаган эки баланы мамлекеттин камкордугуна алды. Бул тууралуу аталган башкармалыктан билдиришти.

Жашы жете электер менен иштөө боюнча аймактык инспекциясы Ош шаарынын Жим көчөсүндөгү оор шартта жашаган 27 жаштагы аялдан кабар алган.

“Көрсө, ал аял көп спирт ичимдигин ичкендиктен балдары кароосуз калып, мурда адегенде бир кызын, кийинчерээк дагы 6 айлык жана 3,5 жашар эки кыздарын мамлекет өз камкордугуна алган. Энесине сыноо мөөнөтү берилген. Сыноо мөөнөтүндө энесинин жакшы тарапка өзгөргөнү байкалган эмес. Турак жайын таза карабайт жана санитардык талаптарга жооп бербейт. Балдар инспекциясында атайын тизмеде турат. Буга чейин дагы милиция кызматкерлери энеден кабар алынып тургандыгы анык болду”, – деп айтылат маалыматта.

Бүгүн, 20-январда Ош шаарынын балдар боюнча атайын комиссиясы аталган эненин жакшы тарапка өзгөрүүгө аракет жасабагандыгын, дагы эле ичип жүргөндүгүн эске алып, буга чейин мамлекеттин карамагында каралып жаткан 6 айлык жана 3,5 жашар кыздарын мамлекеттин камкордугуна алуу чечимин чыгарышты.

Ал эми балдардын апасы менен милиция кызматкерлери сүйлөшүп, аны атайын дарыланууга көндүрүшкөн. Эми жаш эне милиция кызматкерлеринин жардамы менен аракечтикке каршы дарыланат, психологдун жардамы көрсөтүлөт.

Учурда Ош шаарынын аймагында жаш балдарга камкордук көрсөтүүгө, зомбулуктун алдын алууга багытталган иш чаралар уланууда.