Жогорку Кеңеш Улукбек Мариповду премьер-министр кызматына бекитти

Жогорку Кеңеш өкмөттүн түзүмүн жана курамын, ошондой эле премьер-министр кызматына Улукбек Мариповдун талапкерлигин жактырды.

Мариповдун талапкерлигин көпчүлүк коалициясына кирген “Республика-Ата Журт” фракциясы көрсөткөн.

Ал бир нече жолу реформаларды жүргүзүп, айрым бөлүмдөрдү бириктирүүнү көздөп жаткандыгын билдирди. Эми президент Садыр Жапаров аны дайындоо жөнүндө жарлыкка кол коймокчу.

Өкмөттүн жаңы курамы төмөнкүдөй:

Улукбек Марипов – премьер-министр

Артем Новиков – биринчи вице-премьер-министр

Улугбек Кармышаков – экономика жана каржы министри, вице-премьер-министр

Жеңиш Асанкулов – Өкмөттүн Аппаратынын Жетекчиси

Таалайбек Өмүралиев – Коргоо министри

Руслан Казакбаев – Тышкы иштер министри

Асел Чынбаева – Юстиция министри

Алымкадыр Бейшеналиев – Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри

Алмазбек Бейшеналиев – Билим берүү жана илим министри

Кайрат Иманалиев – Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри

Бобек Ажикеев – Өзгөчө кырдаалдар министри

Улан Ниязбеков – Ички иштер министри

Гүлмира Абдралиева – Транспорт, архитектура жана коммуникация министри

Кубанычбек Турдубаев – Энергетика жана өнөр жай министри

Камчыбек Ташиев – УКМКнын төрагасы.