Маданият

Кыргызстанда онлайн кинотеатр иштеп баштады

Кыргызстанда Etnomedia аттуу онлайн кинотеатр иштеп баштады. Аны ишке ашырган топтун башчысы, режиссер Сүйүн Откеев онлайн кинотеатрда учурда Кыргызстанда 1950-жылдан бери ушул кезге чейин тартылган 400дөй тасма киргизилгенин билдирди.

Откеев учурда кино тарткан 50дөй жеке компания менен келишим түзүлгөнүн дагы кошумчалады. Андан сырткары «Кыргыз фильм» киностудиясы менен келишим түзүлүп «Кыргыз керемети» фондуна кирген 80дей тасма дагы онлайн форматта көрүүчүлөргө жеткиликтүү болгонуна токтолду.

Откеев алардын баштаган бул иши авторлордун укугун коргоодо, пиратчылыкка каршы күрөшүүгө жакшы инструмент болорун айтты.

«Буга чейин режиссерлор өз эмгегин пираттарга тарттырып жиберип, жемишин ошолор көрчү. 2015-жылдары биз базар кыдырып «биздин кинолорду сатпагыла деп» калганбыз. Азыр болсо пиратчылык онлайнга өттү. Бирок ал тасмалардын сапаты начар. Эми көрүүчүлөр биздин тиркемени жүктөп алып, айына 115 сом төлөп каалаган киносун жогорку сапатта көрө алат», — деди ал.

Откеев ошондой эле, жаңы чыыкан тасмаларды 1-2 жыл күтпөй дароо эле дүйнөнүн булуң-бурчунан телефондон, компьютерден жана ТВдан да көрсө болорун билдирди. Андан сырткары жаш балдар үчүн кыргызча контент көбөйтүүнүн үстүндө иштер жасалып жатканын айтты.

«Кыргыз фильм» киностудиясынын директору Акжол Бекболотов Кыргызстан Орто Азияда биринчилерден болуп ири онлайн форматка өтүп жатканына токтолду. Мындай аракеттер кыргыз киночуларына чоң жардам болорун айтат. Себеби, режиссерлордун эмгеги аз да болсо бааланып, аларга «пассивдүү киреше» түшүп турат.

Бекболотов ошондой эле, учурда алар «Кыргыз фильм» тарткан буга чейинки тасмаларды жогорку сапатта санариптештирүү үчүн жабдууларды издеп жатканын билдирди. Бул аракеттер ишке ашса киносүйүүчүлөр «Кыргыз керемети» деп аталган тасмаларды жогорку сапатта көрө аларын белгиледи.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button