Коом

Ооруганына карабай Баткенге барган Камчыбек Ташиев кыйын экен

Мактаганга дагы киши керек. Биз туурадан чыга калып сындаганга эле кыйын болуп баратабыз. Бирөөнүн жакшы жагын айтып салсаң, ууру кылгандай эле ур-тепкиге каласың.

Бирок, Камчыбек Ташиевди мактабай коюуга болбойт. Кайсыл учур болбосун иштин майын чыгарган чыгаан адам.

Ал бар жерде ар дайым ийгиликтер болот.

Ашыкча мактоонун эмне кереги бар деп да айткандар чыгат.

Бирок, бул чындык да.

Мисалы, Камчыбек Ташиев башында турган Мекенчил партиясы шайлоодо кандай добуш алгандыгын көрдүк. Досун президент кылам деди эле, президент кылып, коррупцияга каршы күрөштү баштап койду. УКМКнын иши кандай жанданды? Аны коомчулук көрүп турат.

Барынан дагы ооруп жатып, Баткенге барам дегени элдин жүрөгүн жибитти. Ананчы. Чек ара маселеси биздеги курч маселелерден. Мурда өзүнчө болуп келген чек ара кызматы эми УКМКга өткөндөн кийин Ташиевдин түздөн-түз мойнуна жүктөлгөн милдеттеринин бири болуп калды. Демек, аны аткарыш керек. Ташиевдин ушундай жоопкерчиликтүү сапаты жакты.

Коррупция тууралуу айтсак, узун сөз. Бирок, азыр коррупционерлердин чый-пыйы чыгып, коркуп жаткандыгы турган иш. Биздеги коррупциялашкан бардык тармактарды заматта тазалап салат дегенден дагы алыс болуш керек. Ошентсе дагы музду ордунан козгоп, жакшы жыйынтык көргөзгөн ишти айтпай койгонго дагы болбойт.

Алтынбек Касымов

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button