Сүлүктүдөгү мечиттен акча уурдаган жаран кармалды (ФОТО)

2021-жылдын 19-февралынан 20-февралына караган түнү Сүлүктү шаарында жайгашкан “Нур-Вали” борбордук мечитинин эсепканасындагы темир сейфин белгисиз атуулдар бузуп, сейфтин ичиндеги 77000ден ашуун акчасын уурдап кетишкен.

Бул факты Сүлүктү ШИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (уурулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Сүлүктү ШИИБнин криминалдык милиция кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Кулуңду айылдык базарынан мурда сот жообуна тартылган Лейлек районунун Ак-Арык айылынын 24жаштагы К.Б.аттуу жараны аныкталып кармалды.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары кармалган жаран шаар аймагындагы мечиттерге орнотулган садака кутучаларынын ичиндеги акчаларды уурдап, жүргөндүгү аныкталып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы