Өткөн суткада 51 кишиден коронавирус табылды. 20 бейтап өтө оор абалда

Бир суткада 51 кишиден коронавирус табылып, 55 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

Бишкек – 10;
Ош – 6;
Чүй облусу – 22;
Талас облусу – 1;
Нарын облусу – 2;
Баткен облусу – 1.
Ушуну менен коронавирус жуктургандардын жалпы саны 86 142ге жетти.

Айыккандар:

Бишкек – 14;
Чүй облусу – 20;
Ош облусу – 4;
Талас облусу – 2;
Нарын облусу – 3;
Ысык-Көл облусу – 10;
Баткен облусу – 2.
Өлкөдө айыккандардын жалпы саны 83 061 болду.

Бактыга жараша, кечээтен бери бир дагы бейтап оорудан көз жумган эмес.

Азыркы тапта ооруканаларда жалпы 368 бейтап дарыланып жатканы айтылды. Анын ичинен 86 адамдын абалы оор болсо, 20 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда.

Бир сутка ичинде Бишкектен бир медиктен коронавирус табылган.