Коронавирус. Бүгүн дагы 54 адамдан табылып, 57си айыкты

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 54 адамдан табылып, 57си айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аймактар боюнча:

Бишкекте – 26,
Чүй облусунда – 10,
Ош облусунда – 5,
Нарын облусунда – 4,
Ысык-Көл облусунда – 7,
Жалал-Абад облусунда – 1,
Баткен облусунда – 1 .

Ал эми бир сутка ичинде 57 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгон учур катталган жок.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 368 бейтап, амбулатордук түрдө 258 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 410 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 375 киши айыгып чыкса, 1 миң 468 адам каза болду.