Аксыда үч адам белгисиз затка ууланып каза болду

154

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда үч адам белгисиз затка ууланып каза болду. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Нурдин Жээнтаев тастыктады.

Анын айтымында, бул факт каттоого алынып, жеринде ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат.

“Биз алардын эмнеден ууланганын айта албайбыз, бирок ууланган үч адам ооруканага жеткирилген соң 4-март күнү таңга жуук каза болушканын ырастай алабыз. Уулануунун себептерин экспертиза аныктайт”, — дешти облустук милициядан.
Маалымат катчы каза болгон адамдардан башка дагы бир нече адам ооруканада экендигин кошумчалады. Алардын саны да такталып жатат.