Спорт

ВИДЕО: Гүлжигит Алыкулов Казакстандагы футболдук оюнда чечүүчү гол киргизди

Футбол боюнча Казакстандын Суперкубогунун жарым финалында «Тобола» менен «Кайрат» командалары беттешти. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын курама командасынын оюнчусу Гүлжигит Алыкулов учурда казакстандык «Кайрат» командасында ойнойт.

Суперкубоктун жарым финалында эсеп 3:2 болуп турганда Алыкуловдун алыстан тепкен тобу атаандашынын дарбазасынан орун алды. Кыргызстандык футболчу эсепте 3:3кө айлантып, «Кайрат» командасына жеңүү үмүтүн берген.

Бирок оюн бүткөндөн кийинки 11 метр аралыктан топту тебүүдө «Кайрат» 4:2 эсебинде жеңилип калган. Мындан улам Казакстандын Суперкубогунун финалына «Тобола» командасы чыгып, ал эми «Кайрат» клубу үчүнчү орун үчүн беттешет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button