Конституциянын өзгөрүүсүнө каршы чыккандар элдин да пикирин эске алышсын!

Азыркы оппозиция болумуш болгон саясатчыларга жакшы шылтоо табылды. Буга чейин коррупционерлерди камагыла деген шылтоо менен митинг уюштурушса эми болсо Конституцияга кирген өзгөрүүлөрдү сынтагып, элдин көңүлүн тетири жакка бура башташты.

Конституцияга өзгөрүү киргизүү маселеси өткөн жылдын күз айларындагы бийлик алмашуудан кийин демилгеленип, үч ай боюу ачык талкууга коюлган. Каалоочулар келип, өздөрүнүн сунуштарын билдирип, жакпаган жерлерине ошол жерден сын айтса болот эле. Ошол кезде Конституциянын өзгөрүшүнө кайдыгер карабагандар талкуу болгон жерге барып, сунуштарын, кемчиликтерин айтып жатышты. Бирок, тилекке каршы ал жакка оппозиция болумуш болуп жүргөн айрым саясатчылардын бири да басып барган эмес.

Азыр Конституциядагы өзгөрүүлөрдү эми көргөнсүп депутаттар Дастан Бекешев, Жанар Акаев, Каныбек Иманалиев, Наталья Никитенко сыяктуулар сындап жатышат. Алар кечээ референдумга каршы сүйлөп, сындашты. А талкуу болуп жатканда алар эмне үчүн ошол жакка басып барышкан эмес эле! Ал кезде булар кайда жүргөн?! А түгүл аларды талкууга катышууга да чакырышкан экен.

Чындыгында Кыргызстандын добуш берген 80 эли референдумга макул болгон. Ал эми азыркы тапта трибунага чыгып алып, элдин мээсин айлантып каршы сүйлөп жаткан депутаттарды кандай түшүнсөк болот! Булар элдин атынан сүйлөбөсүн! Эл өзү референдумга макул деген добуш беришкен. Эмне үчүн алар элдин пикири менен эсептешпейт! Депутат болуп креслого отургандан тарта алар элдин пикири менен эсептешпей, өздөрүнүкүн таңуулап көнүп калышкан. Азыр 3-4 депутаттын жеке пикири менен эл да эсептешпейт!

Демек, азыр Конституциянын өзгөрүшүнө каршы чыккандарды элдин душманы десек да болот! Азчылык көпчүлүккө баш ийиш керек! Эл менен да эсептешсин, өздөрүнүн жке пикирин таңуулабасын!

Алтынбек Самаганов