Спиртти сууга аралаштырып ичишкен. Аксыдагы массалык уулануудан 6 адам каза болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кара-Суу айылында спирт ичимдигине ууланып, 3 адам каза болсо, дагы бир жаран оор абалда жатканы кабарланган. Саат 13:20га карата Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинен массалык уулануу боюнча маалымат берди.

“Бүгүн, 4-мартка карата таңкы саат 03:00дөн саат 04:30га чейинки аралыкта Аксы районундагы аймактык ооруканасына 4 жаран кайрылган. Алардын үчөө көрүлгөн чараларга карабай каза болуп, бир бейтап дарыланууда. Абалы орто оор.

Мындан тышкары дагы 3 жаран үйүндө каза болгон. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин ыкчам маалыматы боюнча, 2-мартта саат 13:30дан саат 16:30га чейинки аралыкта Кара-Суу айлынын 19 тургуну кафеден түштөнүшкөн. Бейтаптардын айтымында, алар салат, беш бармак жана сууга аралаштырылган спиртти ичишкен.

Учурда массалык уулануу боюнча эпидемиологиялык тергөө башталып, уулангандар менен чогуу тамактанган башка адамдарды аныктоо иши жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат эпидемиологиялык текшерүүнүн жыйынтыгы менен берилет”, – дешти мекемеден.

Айыл эли 7 адам каза болгонун айтышууда. Бирок милиция 3 адам болгон десе, айыл өкмөт 5 адам деп берди. Айылдык кеңешке талапкерлигин койгон адам чай берип, тургундар ошондон ууланганын азырынча расмий тараптар тактай элек. Ошондой эле жарандар ичимдикке ууланганы боюнча дагы расмий маалыматтар жок.