850 миң сом акчасын унутуп кеткен. Бишкекте дүкөндүн кызматкери кардардын баштыгын кайтарып берди

Бишкекте «Flagman Store» дүкөнүнүн кызматкери 850 миң сом акчасы менен дүкөнгө унутуп таштап кеткен кардарга баштыгын кайтарып берди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине мобилдик аксессуарларды саткан дүкөндөн билдиришти.

Алардын маалыматы боюнча, 2021-жылы 1-мартта дүкөнгө келген кардарлардын бири документтери жана ири өлчөмдөгү акчасы менен баштыгын унутуп кеткен.

“Унутулуп кеткен баштыкты тапкандан кийин дүкөндүн администрациясы социалдык тармактарга көзөмөл камерасындагы видеону бөлүшүп, интернет колдонуучуларга кардардын өздүгүн аныктоого жардам берүүлөрүн өтүнүшкөн. Алардын бири видеодон өзүнүн досун тааныган”,-деп айтышат дүкөндөн.

Баштыктын ээси Бишкектин жашоочусу экени, ал ошол күнү унаа сатканы белгилүү болду.

“1-март күнү эртең менен мен эжемдин унаасын саткам, акчага жаңы телефон алайын деп дүкөнгө кирип, капчыктан акча алып төлөгөм, кийин 850 миң сом акча салынган баштыкты ошол жерге унутуп кетиптирмин. Жоготконумду кечинде гана эстедим. Баштык унаанын артында деп эле ойлоп жүрө берген экенмин. Барына чала баштадым, телефон сатып алуу боюнча таптакыр унутуп калыптырмын. Акырында милицияга чалайын деп атсам досум чалып, унутуп кеткен баштык үчүн мени социалдык тармактарда издеп жатышканын айтты”,-деди баштыктын ээси.

Баштыктын бактылуу ээси дүкөндүн кызматкерине сыйлык катары 20 миң сом берген, ал эми администрация айдын аягында ыраазычылык үчүн сыйлык уюштурарын убадалаган.