Коронавирус. Бүгүн дагы 55 адамдан табылып, бир бейтап каза тапты

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 55 адамдан табылып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аймактар боюнча алганда:

Бишкекте коронавирус – 21,

Ош шаарында – 2,

Ош облусунда – 3,

Чүй облусунда – 14,

Нарын облусунда – 2,

Ысык-Көл облусунда – 11,

Жалал – Абад облусунда – 1,

Баткен облусунда – 1.

Ал эми бир сутка ичинде 60 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Ысык-Көлдө бир адам каза болду. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 344 бейтап, амбулатордук түрдө 267 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 506 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 484 киши айыгып чыкса, 1 миң 471 адам каза болду.