Адилет Камчыбеков жеңил атлетика боюнча Гран-приде коло медаль жеңди

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин арасында жеңил атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөлөрү Адилет Камчыбеков жана Арстанбек Базаркулов машыктыруучусу Алмаз Абиров менен бирге 18-20-март күндөрү Тунисте өткөн лицензиялык “Гран-при” мелдешине катышты. Бул тууралуу Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынан кабарлашты.

Адилет Камчыбеков дискти ыргытууда коло медаль жеңди. Ошондой эле ал найза ыргытууда F-42 группасында (туруп) 7-орунду, ядрону түртүү боюнча 5-орунду ээледи.

Мындан тышкары, Арстанбек Базаркулов найза ыргытууда F-34 группасында (коляскада) 8-орунду, ядрону түртүү боюнча 7-орунду, дискти ыргытуу боюнча 4-орунду ээледи.

Белгилей кетсек, мелдешке дүйнөнүн 59 өлкөсүнөн 600 спортчу катышты. Адилет Камчыбековдун иш сапары Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланган.