Маданият

Баш байге 100 миң сом. Жаш акындар арасында сынак жарыяланды

Жаш акындар арасында «Жаш толкун» деп аталган поэзия сынагы жарыяланды. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.

Сынакты Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд Улуттук жазуучулар союзу менен биргеликте өткөрүп жатканы маалым болду.

Иш-чарага 18 жаштан 35 жашка чейинки (35 жаш кошулат) акындар катыша алат. Байге фонду 200 миң сом. Анын ичинен баш байгеге 100 миң сом коюлса, 1-орунга 50 миң, 2-орунга 30 миң, 3-орунга 20 миң сом берилет.

«Сынакка арыздар электрондук ([email protected]) жана кагаз түрүндө жиберилиши керек», — деп айтылат маалыматта.

Сынактын шарттары менен Улуттук жазуучулар союзунун сайтынан таанышууга болот.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button