Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу – ИИМ

3-майга карата Баткен облусунун бардык райондорунда жана айылдарында, кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

«Чек арага чектеш аймактарда абал тынч, түнкүсүн ок атышуулар менен башка окуялар катталган жок. Чек арага жакын айылдардагы коопсуздукту милиция кызматкерлери ички аскерлер жана башка күч түзүмдөрү менен биргеликте көзөмөлдңп жатышат. Милиция кызматкерлери блокпосттордо, чек арага чектеш аймактарда коопсуздук чараларын күчөтүп, жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Куралдуу кагылышуу орун алган айылдарды ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков милициянын кайгуул топтору менен биргиликте кыдырып, жарандар менен жолугуп, коопсуздук маселелерин жеринде чечип, ар кандай укук бузууларга жол берөө керектигин түшүндүрүүдө.

Учурда ички иштер органдары Баткен облусунун аймагында коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоо, мыйзамсыз аракеттерди болтурбоо максатында алдын алуу иштерин күнү-түнү жүргүзүп, күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантууда», – деп айтылат маалыматта.