Отун тергени барышкан. Жалал-Абадда 6 жашар бала сууга чөгүп кетти

Жалал-Абадда 6 жашар бала сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагындагы Чаткал дарыясына 6 жашар Ж.А. аттуу бала түшүп кеткен. Бала бир тууган байкеси менен отун алуу үчүн барган.

Саат 11:20лар чамасында жерине ӨКМден 12 кутаруучу, ИИМден 10 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 20 адам, жалпы 42 адам тартылган. Учурда издөө иштери уланууда.

Кошумча маалымат берилет.