Коом
«Унаа» ишканасынын жаңы директору Улан Карыпбеков деген ким?

Улан Карыпбеков 1980-жылы Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Чаек айылында туулган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте 18 жыл иштеген.
Билими:
2002-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин мамлекеттик кызмат факультетин аяктаган.
Эмгек жолу:
2003 — 2021 – УКМКнын кызматкери; 2022 – «Түндүк» темир жол бажысынын жетекчисинин орун басары; 2022 — 2023 — Түштүк аймак боюнча ыкчам бажынын жетекчиси; 2023 — Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; 2024 — Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору (мурдагы «Унаа» мамлекеттик мекемеси).
Үй-бүлөлүү. 4 баланын атасы.



