АналитикаКоом

Кумтөрдөгү экологиялык коркунуч – Орто Азиянын чоң көйгөйүнө айланды

Кумтөрдү иликтеген мамлекеттик комиссия  юридикалык,  экономикалык, финансылык жана  экологиялык болуп төрт багытта иликтеп, жыйынтыгында бир топ мыйзам  бузуулар калкып чыккан. Өзгөчө экологиялык талаптарды аткарбаган фактыларды аныктаган.

Кумтөрдөгү алтын кенин казып алууда Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү чоң жоготууга учурап, талкаланган. Давыдов мөңгүсү эксперттердин айтымында өтө чоң коркунучка кептелгени далилденди. Бул жактагы мөңгүлөр алтынды алуу үчүн жерлерди жардыруу, касып алуулардан улам жылып, ээрип борбордук карьер жакка жылып келе жатканын байкоого болот. Экологияны сактап, калыбына келтирүү, өлкөнүн кадырын сактап калуу үчүн миллиарддаган акчалар талап кылынат, ал үчун күчтүү эрк, күчтүү дух керек.  Кумтөрдөгү экологиялык коркунуч Орто Азиянын чоң көйгөйүнө айланды.

Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссия азыркы тапта биринчи этабын текшерип аяктап, бир нече мыйзам бузууларды таап чыкты.  Комиссияны төрагасы Акылбек Жапаров биринчи отчет тууралуу маалымат бергенде азыркы президент Садыр Жапаровдун  мындан бир нече жыл мурун айткандары боюнча Кумтөрдү иштеткен компаниянын жетекчиликтерине суроо беришкен. Бирок  алар суроодон качып, башка эле  маалыматтарды берген. Ошондон берки отчетторду иликтегенде  бири-бирине дал келбеген фактылар, цифралар калкып чыкты.  Бул жерде Кумтөрдөгү коррупция  бар экени ачыкталган.

Биринчи отчетто эле Кумтөрдү иштеткен компаниялардын экологиялык талаптарга жооп бербеген ишмердүүлугу белгилүү болду.

Кумтөрдү иштетүүгө кимдер жана кайсы компания келбесин  баардыгы мыйзам чегинде иш алып барышы керек эле.  Бирок, Кумтөрдү иштеткен компания  экологияга чоң зыян алып келгени аз келгенсип,  тапкан алтындарын да, тапкан каражаттарын  да жашырышкан жана тонналаган алтындары сыртка алып чыгарып турган.

Ушундан улам Жогорку Кенеш Кумтөр Голд компаниге сырткы башкаруу боюнча жобону бекитип берди.  Тышкы башкаруунун ыйгарым укуктары, жоопкерчилиги жана мөөнөтү, эмнеге укугу бар жана эмнеге укугу жок экени тууралуу дайындалган.

Негизи эле ушунча убакыттын ичинде Кумтөрдүн Кыргызстанга үлушү тийген жок.  Экологиялык ири бузуулар уланып келген. Ошондон улам ушундай кадамга мажбур болгон.  Азыр албетте чет элдик компания менен соттошуу өтө кыйын эле болот. Алар бут тосушат, алар биз менен күрөшкөнгө аракет кылат. Аларда дайыма акча болгон, ошондуктан убагында журналисттерди, бийлик бутактарын сатып алып, ооздорун жаап турган.  Акыркы Кыргызстандын 30 жылдык тарыхында бийлик бутактары, коомчулук, журналисттер биригип, бирдиктүү болду. Эми Кумтөр менен акырына чейин күрөшүүгө аракет кылуу зарыл.

Азыркы айрым депутат, чиновниктер өтө эле  катуу кыйкырып жатышат. Алардын айрымдары ошол  2003-жылдан бери  Кумтөрдү колдоп, ага каршы чыккандарды эл душманы да аташкан. Кумтөрдөн чыккан  мөңгүнун үстүндөгү таштандылардан улам ээрип, муздар жылып келе жатканын айтышууда адистер.

2012-жылы эле Кумтөрдөгү экологиялык бузуулар  тууралуу маалыматтар болуп турган. Ошол кезде  Кумтөрдү иштеткен компания Өкмөттү тоготуп да койгон эмес. Көзгө сайып көрсөтүп, экологиянын талкаланып жатканын айтса да  бийликтегилер кайдыгер карашкан. Убагында эко-техникалык адистер да мөңгүлөрдү талкаланып, жаратылышка чоң коркунуч жаратып жатканын айткан.

Дегеле буга чейинки Кумтөр боюнча мыйзамдар Кыргызстанга каршы иштеп, канадалык компанияны колдоп турган.  Ошондон улам Кумтөрдү иштеткен Центерра Голд мурдагы келишимге такап жатат. Ошол кездеги бийликтегилерди да суракка чакырып, жооп бериши керек.

Азыркы учурда Кумтөр компаниясында иш үзгүлтүккө учурабай, иштеп жатат. Кыргызстан да Кумтөрдөгү алтынды  иштетүүгө, пайдасын көрүүгө убакыт келди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button