Саясат

Шайлоочуларды сатып алып, коркутуп-үркүткөн талапкерлерге “нөлдүк сабырдуулук” болушу керек, — эксперт Шерадил Бактыгулов


Шайлоого саналуу гана күндөр калды. Келе жаткан шайлоо тууралуу Мамлекеттик түзүлүш боюнча эксперт Шерадил Бактыгуловдун пикирин уктук.

2021-жыл Кыргызстан үчун жышаандуу жыл болуп калмакчы. Өлкөдө акыркы 12 айда 2020-жылдын октябрында парламенттик шайлоо өттү, 2021-жылдын февралында президенттик шайлоо, Конституция боюнча референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоолор, апрелде шаардык кеңештерге шайлоолор жана 2021-жылдын июлунда кайра шайлоолор болуп өттү. Ал эми 28-ноябрь күнү парламенттик шайлоо болгону турат. Бул ар бир мамлекетте эле эң маанилүү саясий окуя болуп эсептелет. Кыргызстанда алар бир эле жылдын ичинде болду.

Демократияга кез-кезде силкинүүлөр керек болуп турушу шарт. Эгер демократия мына ушундай учурларды башынан өткөрө алса, анда ал авторитардык режимдерге караганда алда канча күчтүү болот, анткени авторитардык режимдер мындай силкинүулөөргө туруштук бере албайт. Кыргызстандагы демократия мындай силкинүүлөргө туруштук берип келүүдө.

Бир мандаттуу округдарды кайтаруу жана префенциалдык добуш берүүнү киргизүү алыска бара турган оң кесепеттерди жаратат. Анын ичинде, шайлоо процесси учурундагы кыянатчылыктар менен көз жазгырууларды жокко чыгарат.

Добуш берүүнү уюштуруу процесси, добуштарды саноо максималдуу түрдө ачык-айкын болот. Өлкөнүн бийлиги ачык жана таза шайлоо өткөрүү үчүн саясий эркин иш жүзүндө көрсөтүүдө. Административдик ресурс иштебей калды. Жер-жерлерде өзүнүн тааныш билиштерине добуш алып берүүнү каалаган айрым адамдар гана мыйзамсыз жолдорду табууга умтулушу ыктымал. Бирок мындай аракеттерге каршы катуу күрөш жүрүүдө. Депутаттыкка бир талапкерге жагымдуу шарттарды түзүп бергендиктери үчүн ар кандай деңгээлдеги чиновниктер кызматтарынан бошотулду. Алар мындай жоругу менен бир эле убакта эркин шайлоонун эки принцибин – бийликтердин аралашпоосун жана башка адамдардын (студенттердин, кызматкерлердин) көз карандылуулугун пайдаланбоо принциптерин бузушту.

Шайлоо укугун бул же тигил формада бузуу бүт эле жерде жүрөт. Шайлоо эрежелерин бузулушу үчун ар бир мамлекеттин өзүнүн жоопкерчилик системасы болот. Бирок шайлоо укугу жаатын жөнгө салган кылмыш мыйзамдары бардык өлкөлөр үчун бирдей. Кыргызстандагы кабыл алынган тартип бузуулардын түрлөрү жана санкциялар башка өлкөлөрдө кабыл алынган стандарттарга шайкеш:

  • Добуш берүүнүн купуялуулугун бузуу (Польшанын Кылмыш кодекссиндегидей) же шайлоонун купуялуулугун бузуу (Уголовный кодекс ФРГнын Кылмыш кодекси);
  • расмий шайлоо өткөрүүдө добуш берүүнүн жыйнтыгын жараксыз деп табууга багытталган атайын иш-аракеттер (Голландиянын Кылмыш кодекси);
  • шайлоо укугун ишке ашыруу учурундагы алдамчылык (адаштыруу) (ФРГ КК);
  • шайлоо бюллетендерин уурдоо, жасоо же жараксыз кылуу;
  • «айланкөчөк»;
  • шайлоочулардын тизмеси менен шылуундук кылуу;
  • шайлоо комиссиясынын протоколдорун жасоо;
  • байкоочуларды чыгарып жиберүү;
  • байкоочуларга протоколдордун көчүрмөсүн берүүдөн баш тартуу;
  • уюштуруучулук жана каржылоо, айрым талапкерлерди каржы жактан колдоо максатында ишкерлерге кысым жасоо ж.б. мүнөздөгү административдик ресурсту колдонуу; 
  • шайлоо мыйзамдарын тандама түшүндүрүү жана пайдалануу;
  • шайлоо жыйынтыгын кайрадан карап чыгуу;
  • жалпыга маалымдоо каражаттарын көзөмөлдөө, акысыз обо убактысы жана башкалар;
  • оппозициянын добушун чаташтыруу үчүн атаандаштардын кейпин көчүрмөлөгөн талапкерлердин адамдарын каттоо;
  • оппозициянын шайлоо алдындагы кампаниясын адаштыруу үчүн шайлоо күнүн башка мөөнөткө жылдыруу.

Иш жүзүндө бардык бузууларды өз убактысында токтууга болот. Алардын айрымдары эскирип колдонулбай да калды. Эң эле талуу жер катары шайлоочулардын добушун сатып алуу, аларды коркутуп – үркүтүүлөр калууда. Мындай жагдай шайлоонун гана жыйынтыгына таасир этпей турганы эсте болууга тийиш. Шайлоочулар менен иштөөнүн мындай ыкмалары коомду бөлүп-жарууга алып келиши ыктымал. Сатып алуу жана аргасыздыкка мажбурлоо адамдардын аң-сезимине сокку урат. Мындай бөлүнүү өлкөнүн, жарандардын жана партиялардын ыдырай башташына жол ачат. Башкалардын күтүлбөгөн добуш берүү пайыздарын көргөндөр аларды акылсыз, түшүнүгү жок адамдар катары жектей башташат, аларды коркутуп киришет. Бул жаңылыш жол. Эгер мелдешкиңер келсе, анда шайлоочулардын эмес, талапкерлердин кемчиликтерин ачык көрсөткүлө. Адамдар ар кандай болот, бирөөгө жаккан нерсе башкага жакпайт. Аларды жалпы бир ченем менен караганга болбойт. Добушту сатып алуу жана адамдарды коркутуп үркүтүү коомдун туруктуулугуна жана мамлекеттин коопсуздугуна ири зыян келтирет. Ошондуктан мындай ыкмаларды колдонгон талапкерлерге карата элдешкис мамиле болушу керек.   

Мыйзамды башынан эле бузуп келген адам аны депутат катары чыгара баштаганда да буза берет. Бир нече саясатчылардын ишин карап турсаң, саясат алар үчүн эптеп башканын жолуна бөгөт коюу, өкмөткө өз кызыкчылыгын сүрөө деп түшүнгөндөй туюлат. Мындай мамиле мамлекетти дегеле оңдурбай салганын көрүп турабыз. Ошондуктан Жогорку Кеңештин депутаттары “чимкириктер” деген ойрон лакап атка конушту. Себеби ызы-чуусу көп болгону менен ишинин нтаыйжасы нөл экенин эл көрдү.

Таза шайлоолорду колдоого алуу үчүн демократиялуу шайлоо принциптерин сактап, шайлоо өнөктүгүн алып барууда инновациялык жана креативдүү мамиле кыла билген талапкерге же партияга атайын белектерди уюштурууга болот. Белгилеп кете турган мындай партия бар. “Эл Үмүтү” партиясынын “чимкириктерге каршы каражат” деген урааны абдан популярдуу болууда. Анда таамай айтылган туздуу сөз менен чириген парламенттен арылуу маселеси айкалышып турат. Жаңы идеялар, жаңы адамдар чынында өлкө өнүгүүсүн камсыз кыла турган каражат боло алат. Шайлоочу саясат катары кабыл алган саясий оюндардан, талаш-тартыштардан, мамиле чечишүүлөрдөн тажап бүттү. Бийлик мунун жакшы түшүнөт, андыктан ноябрдагы шайлоо планетанын ушул чөлкөмүнүн тарыхындагы эң эле демократиялуу шайлоолор болуп калышы ыктымал. Учурда биз, жарандар, саясий процесске аралашып жатып, кызуу дебаттардын алкагынан тыш карай турган нерселер, мисалы, ар ким өз казанында кайнай бербей, биринчи кезекте өлкө суверенитетин сактап калуу маселеси бар экенин унутпоого тийишпиз. 

Шайлоонун жыйынтыгы дайыма талапкердин же партиянын стратегиясынын жыйынтыгы болуп саналат. Эгерде ал ката болсо, анда башканы күнөөлөп кереги жок, утулдум дей бер. Эгерде бурмаланды деген шек жаралса, анда ким болбосун, мен да, сиз да, маа демектен президент Байден болобу, бардык бюллетендерди карап, жыйынтыкты салыштырып чыга алат. Биздин көйгөй – эч ким текшербей эле, ишенебиз, ишенбейбиз дей беребиз.  Эгерде бул диний маселе болсо, мисалы, аны тийиштүү дин адистеринен сураш керек. Фактыларды болсо салыштырып, кайра-кайра текшерип гана коюу керек, себеби, туура эмес маалыматтар туура эмес жыйынтыкка алып келет, бул болсо жалган же иш билбегендик болуп калат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button