Саясат

Стратегиялык өнөктөштүктөн мектеп тамагына чейин: Кыргызстан менен Россия кызматташтыгы

Жакында эле Россиянын “Комсомольская Правда” гезитинин сайты КР УКМК башчысы Камчыбек Ташиев тууралуу чындыкка дал келбеген макала жарыялаган эле.  Ал макалада КР УКМК башчысы  Камчыбек Ташиев “батышчыл” саясатчы катары сыпатталган. Бул макала  коомчулукта кызуу талкууга алынып,  жалган, атайын буйрутма макала  экени ачык айтылган. “Комсомольская правда” сайтына чыккан макалада эч кандай далилдүү фактылар жазылган эмес. Баардыгы  бир беткей, үстүртөн, атайын Камчыбек Ташиевди каралоо буйрутмасы экени да коомчулукта катуу талкууга алынган. Бирок, бир суткага жетпей  ал макала сайттан өчүрүлгөн эле.

Кечээ, ушул эле “Комсомольская Правда” сайты Россия менен Кыргызстандын саясий жана социалдык жактан өнөктөштүгү,  эки өлкөнүн ортосундагы достук мамиле тууралуу позитивдүү  иликтөө чыгарды. Ал иликтөөсүндө КР УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин да Россия менен өнөктөштүк мамилесиндеги кызматташтык салымы тууралуу жазылган.

“Комсомольская Правда” сайтындагы макаланы кыргызчасы өзгөртүүсүз берилди:

30 жылдык дипломатиялык мамилелердин алкагында  эки мамлекет  бир катар тармактарда – коргонуу жана коопсуздуктан баштап  маданий алмашууга чейин көптөгөн долбоорлорду ишке ашырды. 

Үстүбүздөгү 2022-жыл Кыргызстан үчүн юбилейлик жыл, республика бир катар өнөктөш мамлекеттер менен дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилейт. Негизги өнөктөштөрдүн бири – Россия Федерациясы менен дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн мааракеси 20-мартта белгиленди.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, эки мамлекетти 1992-жылдагы Достук, кызматташтык жана өз ара жардамдашуу келишими, 2000-жылдагы Түбөлүк достук жана союздаштык декларациясы, 2017-жылдагы Союздук жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө декларациясы байланыштырып турат. Жалпысынан Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун келишимдик-укуктук базасы мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык 380 келишимден турат.

«КП-Кыргызстан» Кыргызстан менен Россиянын кызматташтыгындагы эсте калган эң мыкты 4 ири долбоорду чогултту.

ЖККУнун «Кант» базасы

Орусия менен Кыргызстан ЖККУнун мүчөлөрү болуп саналат, анын максаты буга мүчө мамлекеттердин көз карандысыздыгынын, аймактык бүтүндүгүнүн жана эгемендигинин негизинде тынчтыкты, эл аралык жана аймактык коопсуздукту чыңдоо болуп саналат.

ЖККУнун алкагында 2003-жылы эки өлкө  Кантта ЖККУнун Жамааттык ыкчам жайылтуу күчтөрүнүн курамында авиациялык бөлүмдү жайгаштырууну макулдашышкан.


База Орусиянын Борбордук аскер округунун Аскердик аба күчтөрүнүн жана абадан коргонуунун 2-командирлигинин курамына кирет, бул керек болсо Кыргызстанды тышкы коркунучтардан коргой алат.
Сүрөт: ЖККУнун «Кант» орусиялык авиабазасынын басма сөз кызматы


Су-25СМ чабуулчу учактары жана Ми-8МТВ-5-1 тик учактары жайгашкан аэродромдо 999-авиабаза жайгашкан, коргоо мекемелеринин ортосундагы келишимдин негизинде орусиялык учкучтар кыргызстандык кесиптештери менен тажрыйба алмашып турушат.

Кошумчалай кетсек, Орусия Кыргызстан аскердик техникаларды сатып алган өлкөлөрдүн бири. Маселен, 2021-жылдын ноябрь айында УКМК менен “Рособоронэкспорттун” жетекчилери Кыргызстандын Чек ара кызматы үчүн орусиялык “Орлан-10Е” учкучсуз учактарын сатып алуу боюнча келишимге кол коюшкан. Ошондой эле эки өлкө  «Рособоронэкспорттон» Ми-17В-5 тик учагын сатып алуу, Ми-8 тик учактарын капиталдык оңдоо, тетиктерди жеткирүү жана аларга агрегаттарды оңдоо боюнча макулдашышты.

Андан сырткары  УКМКнын Чек ара кызматы үчүн Кыргызстан Орусиядан 50 жаңы КАМАЗ жана 55 «Тигр» БТР сатып алды.


БТР республикага алынып келинип, үстүбүздөгү жылдын 25-мартында бара турган жерине тапшырылды.

Өз кезегинде аскердик-техникалык кызматташтык аркылуу Кыргызстан «Дастан» заводунда чыгарылган атайын аскердик продукциясын Россияга сатат.

Б.Н Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университети  

Кыргызстанда 1993-жылдан бери Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университети иштеп келет. Анда кыргызстандыктар гана эмес, Россиянын, Казакстандын жана башка өлкөлөрдүн жарандары да бюджеттик жана контракттык негизде билим ала алышат.

Кошумчалай кетсек, орус өкмөтү келечектеги кыргызстандык студенттер үчүн ЖОЖдорго кабыл алуу үчүн бюджеттик жана контракттык квоталарды бөлүп берет. Тышкы иштер министрлигинин 2022-жылдын март айына карата маалыматы боюнча, Орусиядагы 15 285 кыргызстандык студенттин 6 408и орус өлкөсү тарабынан бөлүнгөн бюджетинин эсебинен окуйт.

Мектеп окуучулары үчүн тамак-аш

Орусия 2013-жылдан бери БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында кыргыз мектептерине ысык тамак киргизүү долбоорунун донору болуп келген. Анын максаты — өлкөнүн аймактарындагы мектептердин тамактануу сапатын жакшыртуу.

Университет эки диплом берет – кыргыз жана орус, ал эми КРСУнун дипломдору Россияда таанылат.

Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын маалыматы боюнча, Орусиянын колдоосунун аркасында 2023-жылга карата кыргыз мектептеринин 50%дан ашыгы башталгыч класстын окуучулары үчүн ысык тамак менен камсыз болот. Бул максаттарга Орусия 2013-жылы 12 миллион АКШ долларын, 2018-жылы дагы 10 миллион АКШ долларын бөлгөн.

Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду

Бул Кыргызстан 2014-жылы чакан жана орто бизнести колдоо максатында башка өлкө менен түзгөн алгачкы эки тараптуу өнүктүрүү фонду. Анын уставдык капиталы 500 миллион АКШ долларын түзөт.

Фонд 2015-жылдын жай айларында ишин баштап, иштеп жаткан мезгилде 427 миллион АКШ долларына 3 миңден ашык насыя берген. Долбоорлор ар түрдүү — “Made in KG” маркасы менен үй тиричилигине зарыл болгон ата мекендик товарларды өндүрүүдөн баштап “Лейлек” кичи ГЭСинин, балдардын кардиохирургиялык клиникасын курууга чейин.

Булак: «Комсомольская правда» сайтынан кыргызчаланды

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button