Коом

УКМК: Баңгизатты ири өлчөмдө сатууга аракет кылып жаткан жеринен чет элдик жаран кармалды

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында баңгизаттарды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө чет өлкөлүк жаран кармалды.

Кыргыз Республикасынын УКМК КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен козголгон кылмыш иши боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында, өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизатын (жалпы салмагы 2,98 кг. гашиш) сатууга аракет кылып жаткан учурда чет элдик жаран Н.К.М. кармалган.

Азыркы учурда кармалган адам КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди,- деп билдирди УКМКнын Басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button